Мексикада коопсуздуктун себебинен бир гезит жабылды

Өлкөнүн түндүгүндө АКШ чек арасында орун алган Хуарес шаарында чыгарылган Норте гезитинин өкүлү Оскар Канту Мергия, бул токтомду гезитинин биринчи бетинде жарыялады.

704922
Мексикада коопсуздуктун себебинен бир гезит жабылды

Мексикада бир гезит, журналисттердин жан коопсуздугунун себебинен жабыла турганын жарыялады.

Өлкөнүн түндүгүндө АКШ чек арасында орун алган Хуарес шаарында чыгарылган Норте гезитинин өкүлү Оскар Канту Мергия, бул токтомду гезитинин биринчи бетинде жарыялады.

«Кош калгыла» деген тема когон жазуусунда Канту, өлкөдө журналисттер үчүн кооптуу чөйрө болуп жатканын жана кылмыштардын жазасыз калып жатканынын себебинен гезитти жабуу чечимин чыгаргандарын түшүндүрдү.

Канту: «Бул турмушта бир нерсенин башталгычы жана аяктоосу бар, төлөнө турчу чыгымы бар. Эгерде бул чыгым өмүр болсо, мен өзүмдүн жана бир топ кесиптешимдин муну төлөшүнө даяр эмесмин»,-деп айтты.

Өлкөнүн түндүк провинциясы Чихуахуда 54 жаштагы аял журналист Мирослава Брек 23-мартта үйүнүн алдында 8 жолу ок атылып, журналист Рикардо Монлуи да 19-мартта Веракрузда үй-бүлөсү менен барган ресторандан чыгып жатканда 2 жолу ок атылып өлтүрүлгөн.

Куерреро штатында болсо 2-мартта эркин журналисттик кылган Сесилио Пинеда Бирто, машина жууган жерде кылмыштын курмандыгы болду.

АКШ борборлуу Журналисттерди коргоо комитети 1992-жылдан бери Мексикада 38 басма сөз мүчөсүнүн журналисттик кызматтарынын себебинен өлтүрүлгөнү жарыяланды.

Уюм 50 журналисттин да али белгилене элек себептер менен өлтүрүлгөнүн белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар