Санкт - Петербургдагы жарылууда каза болгондор үчүн көңүл айтылды
АКШ элчилигинен берилген маалыматта Санкт - Петербург метросунда каза болгондордун үй - бүлөлөрүнө көңүл айтылды
Орусиянын президенти В. Путин Санкт - Петербург шаарында 2 метро станциясында болгон жарылуудан кийин берген маалыматында каза болгндордун жакындарына көңүл айтты. Путин : "Санкт - Петербург жетекчилери жана федералдык жетекчилер метродогу жарылууларда жаралангандарга жардам берүү үчүн бардык нерсени аткарышууда. Жарылуунун себептеринен сөз кылуу үчүн азырынча эрте. Терроризм да болуу менен бардык ыктымалдарды карап жатабыз",- деди.
Орусиянын премьер - министри Д. Медведев да жарылууда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жарылуу үчүн "орток кайгыбыз" деди. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг да Санкт - Петербургдагы жарылуудан таасирленгендердин кайгысын бөлүшкөндүгүн белгиледи.
Европа Биримдигинин тышкы карым - катнаштар өкүлү Федерика Могерини болсо кол салуудан кийин берген маалыматында Орусия менен кеңешүү ичинде экендерин баса белгилеп : "Бардык Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери менен бирге Санкт - Петербургдан келген кабарларды иликтеп жатабыз. Оюбуз Орусия калкы менен бирдикте",- деди.
АКШ элчилигинен берилген маалыматта Санкт - Петербург метросунда каза болгондордун үй - бүлөлөрүнө көңүл айтылды.