Англиянын премьер - министринин Жакынкы чыгыш саякаты

Англиянын премьер – министри Тереса Мей Иордания жана Сауд Аравияны камтыган 3 күндүк Жакынкы Чыгыш турун баштады

704890
Англиянын премьер - министринин Жакынкы чыгыш саякаты

Англиянын премьер – министри Тереса Мей Иордания жана Сауд Аравияны камтыган 3 күндүк Жакынкы Чыгыш турун баштады.

Англиянын премьер – министрлигинен берилген маалыматта англис лидердин Иордания жана Сауд Аравияга  жасай турган сапарында өзгөчө Англия менен бул өлкөлөрдүн коопсуздук, коргонуу жана соода өнөктөштөрүнүн күчтөндүрүлүшүнө көңүл бурулары билдирилди.

Иордания жана Сауд Аравия менен кызматташтыктын Англиянын коопсуздугу үчүн мааниси баса белгиленген маалыматта бул өлкөлөрдө ыраатуулукту түзүүдө жана сактап калууда колдоо берилери белгиленди.

Мейдин турунун биринчи аялдамасы Иорданиядагы жолугушууларында бул өлкөлөрдүн террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүнө колдоо максатында Иордания аба күчтөрүнө аскердик колдоо беришерин жарыялоосу күтүлүүдө. Мейдин Иорданияга баш калкалоочулар тууралуу да колдоо беришерин билдирүүсү күтүлүүдө.

Мей Англиянын ички иштер министрлиги кызматын аткарып турган кезде 2012 – жылы Иорданияны, 2014 -  жылы да Сауд Аравияны зыярат кылган болчу.


 

 



Тектеш кабарлар