Орусия АКШдагы шайлоого кийлигишкен эмес

Владимир Путин, өлкөсүнүн АКШда 8-ноябрда болгон президенттик шайлоолорунун жыйынтыгына кийлигишпегенин айтты.

703373
Орусия АКШдагы шайлоого кийлигишкен эмес

Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин, өлкөсүнүн АКШда 8-ноябрда болгон президенттик шайлоолорунун жыйынтыгына кийлигишпегенин айтты.

Путин, Арктика форумунда сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын АКШдагы элчиси Сергей Кисляктын тыңчылык максаты менен «жашыруун сүйлөшүүлөрү» тууралуу чыккан кабарларды сандырактык деп атады жана «Анын ар бир сүйлөшүүсү жашыруун кыймыл деп аталууда. Чынында эле бул сандырактык эмеспи? Ак үйдүн саясий тобу, ишкерлери жана мамлекеттик ишмерлери менен сүйлөшүү, бүткүл дүйнөдө кабыл алынган дипломатиялык иш-аракет болуп эсептелет»,-деди.

Владимир Путин Орусия АКШнын чоң күч болгонун ойлогонун жана өнөктөштүк мамилесин түзүүнү каалаганын, башка айтымдардын болсо Орусияга карай провакация жана жасалма болгонун белгилеп кетти.

Путин: «Орусияга карай кол салуучу айтымдар, АКШнын ички саясий күчтөрү тарабынан өз кызыкчылыгына карай популярдуулугун арттырыш үчүн колдонулууда»,-деди.

Коомдук пикирди иликтөөлөрүнө караганда АКШда көп сандаган "Орусия досунун" бар экенин көрсөткөнүн айткан Путин: «Эртедир кечтир, мен ойлойм эң кыска убакта, Орусия менен АКШнын ортосундагы карым-катнаштар нормалдашат»,-деп айтты.

Путин, Орусия жана АКШнын дипломатиялык карым-катнаштарынын бузулушуна карата аракеттердин Америка калкынын чоң көпчүлүгүнүн кызыкчылыгына туура келбегенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар