ЮНИСЕФ 4 өлкөдө 22 миллион баланын өлүм коркунучу астында турганын жарыялады

ЮНИСЕФтин «Убакыт азайып баратат» аттуу жарыясында 4 өлкөдө орто эсеп менен 22 миллион баланын өлүм коркунучу астында турганы белгиленди.

701171
ЮНИСЕФ 4 өлкөдө 22 миллион баланын өлүм коркунучу астында турганын жарыялады

 

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду согуш, ачарчылык жана кургактыкка дуушар болгон Сомали, Нигерия, Түштүк Судан жана Йеменде 22 миллион баланын жардамга муктаждыгы бар экенин жарыялады.

ЮНИСЕФтин «Убакыт азайып баратат» аттуу жарыясында аты аталган 4 өлкөдө орто эсеп менен 22 миллион баланын жерлеринен ажыраганы, ачка жана оорукчан түрдө билим ала албай калгандары белгиленди.

Орто эсеп менен 1,4 миллион баланын да азык-заттын жоктугунун себебинен өлүм коркунучу менен бетме-бет келгени баса белгиленген жарыяда, бул балдарга шашылыш жардам жеткирилиши үчүн 255 миллион долларга муктаждык бар экени маалымдалды.

 Жарыяда көз караштарына орун берилген ЮНИСЕФтин Өзгөчө кырдаал программасы боюнча директору Мануэль Фонтейн: «2011-жылы Сомалиде ачарчылык жарыяланганда саны белгисиз болгон балдардын эбак көз жумгандарын көп өтпөй билдик. Мунун кайталанышына уруксат бере албайбыз»,-деп айтты.

Өлүм коркунучу астындагы балдардын дагы көп жардамсыз калтырыла албай турганын белгилеген Фонтейн, чогултула турган фонддордун бул төрт өлкөдөгү балдардын азык-түлүк, ден-соолук жана гигиена муктаждыктары үчүн колдонула турганын белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар