Дональд Трамп кол койгон токтомдор кайда алып барат?

Акыркы мезгилде кол коюлган токтомдор Обама мезгилинде чыгарылган токтомдордун тетириси болуп жатат.

701464
Дональд Трамп кол койгон токтомдор кайда алып барат?

АКШнын президенти Дональд Трамп, Барак Обамадан мураска калган айлана-чөйрөнү жөнгө салууларды жоюу процессин баштаткан президенттик токтомун чыгарды.

Трамп, токтом менен Американын айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги ЕРАга «Таза энергия демилгеси» баш болгон Обаманын президенттик мезгилинде чыгарылган 6 айлана-чөйрөнү жөнгө салуунун жоюлушу же кайрадан жазылышы үчүн укуктук процессти баштоо буйругун берген болду.

Энергия өндүргөн ишканалар себеп болгон көмүр кычкыл газын азайтуу үчүн Таза энергия демилгеси, Обаманын климат өзгөрүүсү менен күрөшүүнүн алкагында чыгарган эң маанилүү түзөтүүлөрдөн бири эле.

Дональд Трамп кол коюу аземинде сүйлөгөн кыскача сөзүндө токтомдун энергия өндүрүү жана жумуш орундугу үчүн жаңы мезгилди баштаганын айтты.

АКШнын климат өзгөрүүсү менен күрөшүү үчүн таштаган кадамдарын терсине бура турган президенттик токтому, көмүр иштетүүчү фирмалардан баштап энергетика сектору тарабынан ыраазычылык менен кабыл алынды.

Буга кошумча АКШнын Өкүлдөр палатасы да интернетте жеке кишилик маалымат коопсуздугунун корголушу тууралуу эрежелерди жойгон мыйзам долбоорун кабыл алды.

Обама мезгилинин акыркы күндөрүндө Федералдык байланыш комиссиясы тарабынан бекитилген бирок ишке аша элек эрежелер, интернет колдонуучуларынын пайдасына түзөтүүлөрдү камтыйт.

Түзөтүүлөр колдонуучулардан уруксатсыз маалымат чогултуу жана сатылуусуна маанилүү өлчөмдө бөгөт болуп жаткан болчу.

Президент Дональд Трамптын мыйзам долбооруна кол коюп мыйзамдаштырган учурунда, бул эрежелер толугу менен жоюлат.

Сенатта өткөн аптада кабыл алынган мыйзам долбоорунун кыска убакыттын ичинде Трамптын үстөлүндө болушу күтүлүүдө.

Ак үй Трамптын аты аталган мыйзам долбооруна кол кое турганын жарыялады.

 



Тектеш кабарлар