Сингапурда учуучу таксилер

Азия өлкөсү Сингапур 2030 -  жыл үчүн тарнспортту жеңилдете турган чечүүчү жолду «учкан таксилерден» тапты

700122
Сингапурда учуучу таксилер

Азия өлкөсү Сингапур 2030 -  жыл үчүн тарнспортту жеңилдете турган чечүүчү жолду «учкан таксилерден» тапты. Сингапур транспорт министрлиги жүргүнчүлөрдү ташый турган дрондор үчүн  түрдүү фирмалар менен сүйлөшүүдө. Министрлик секретары Панг Кин Кеонг 2030  - жылы Сингапурда аба транспортунун туура жол болорун айтууда.

Сингапур унаа ээлерине жогорку салык салууда жана тыгын аз болгон жолдорго багыттоо үчүн автоматтык системаларды колдонууда. Айрыкча авто жол маселесине байланыштуу чечүүчү жол издеп, айдоочусуз унаалар менен айдоочусуз таксилерди сынап көрүүгө да уруксат берилүүдө. Ошентсе да Сингапурдун  коомдук транспорт үчүн биринчи тандоо жолу поезд болот.



Тектеш кабарлар