Израиль Газа тилкесине кол салды
Кол салууда бир киши каза болду
696439
![Израиль Газа тилкесине кол салды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d14e/f634/6b7b/58d21c5931e6e.jpg?time=1718854017)
Израиль армиясынын Газа тилкесине жасаган кол салуусунда бир палестиналык каза болду. Палестина саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Эшреф ел - Кудра Израилдин Рефах шаарына миномет менен жасаган кол салуусунда Юсуф Шабан Ебу Азра аттуу 18 жаштагы бир кишинин каза болгондугун, эки кишинин да жаралангандыгын белгиледи. Израилден болсо окуя тууралуу эч кандай маалымат берилген жок.