Бразилияга бузулган эт эмбаргосу

Европа Биримдиги, Кытай жана Чилиден кийин Гонконг, Япония, Швейцария, Мексика менен Ямайка Бразилиядан тоңдурулган эт импорттоону убактылуу токтотту

697071
Бразилияга бузулган эт эмбаргосу

Бразилия федералдык полициясынын өткөн жумада бузулган эт операциясын башташы менен Европа Биримдиги, Кытай жана Чилиден кийин Гонконг, Япония, Швейцария, Мексика менен Ямайка да бул өлкөдөн тоңдурулган эт импорттоону убактылуу токтотту.

Гонконг азык – түлүк коопсуздугу борбору Бразилияда тоңдурулган эт импортунун убактылуу токтотулгандыгын жана  абалдын жакындан иликтенгендигин жарыялады. Гонконг өткөн жылы 1, 84 миллиард долларлык көлөмү менен өлкөнүн эң чоң эт импортчусу.

Өлкөнүн башка чоң эт импортчусу болгон Япониянын Бразилиядагы элчиси да жаңы билдирүүгө чейин Япония өкмөтүнүн Бразилия федералдык полициясы операция жүргүзгөн 21 мекемеден тоок жана башка эт продукцияларын импорттоону токтоткондугун билдирди.

Швейцария ветеринардык кеңешинин катчысы Стефан Кунферманн да маалыматында : «Европанын бир бөлүгү болгонубуз үчүн Европа Биримдиги менен бирдей санда фирмага  блок коюдабыз»,- деди. Мексика айыл – чарба секретарлыгы 19 -  марттан баштап Бразилия мал – чарбачылык продукцияларынын импортун токтоткондугун жарыялады.

Бразилиядан уйдун этин же чочконун этин импорттоп албаган Мексика муздатылган, тоңдурулган жана кургатылган тоок жана индюк эти менен тоок жумурткасын сатып алууда.

Ямайканын айыл – чарба жана балыкчылык министрлиги болсо Бразилиядан консерва этин импорттоого дароо тыюу салды. Министр Карл Самуда элди консерваланган этти колдонбоо боюнча эскертти жана супермаркеттердин продукцияларды текчелерден алууну талап кылды.

Дүйшөмбү күнү Бразилиядан тоок этин импорттоону токтоткондугун билдирген Түштүк Корея кечээ бул чечиминен баш тартты. Бразилиянын мамлекет башчысы Мишель Темер кечээ 2017  Латын Америка шаарлары конференциясында сүйлөгөн сөзүндө Түштүк Кореянын Бразилиядан эт алууну чектеген чечиминен кайра кайткандыгын билдирди. Мишель Темер өлкөдө чыккан бузулган эт чыр – чатагынын керексиз толкундануу жататкандыгын, бирок «экономикалык уяттуулук» экендигин айтты.



Тектеш кабарлар