Дональд Трамптын кайрылуусу Конгрессте...

Комитет, бүгүн чогулуп Орусиянын 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкени жана Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгү убагында ал убактагы президент Барак Обама тарабынан тыңшалганы тууралуу айтымдарды карайт.

695088
Дональд Трамптын кайрылуусу Конгрессте...

АКШнын Өкүлдөр палатасынын чалгындоо комитетинин төрагасы Девин Нунес, президент Дональд Трамптын 8-ноябрдагы шайлоо өнөктүгүндө Орусия менен ортосунда жашыруун келишим болгону жөнүндө кандайдыр бир далил табылбагагын жарыялады.

Нунес бул жарыяны Fox News каналынын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Буга кошумча Комитет, бүгүн чогулуп Орусиянын 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкени жана Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгү убагында ал убактагы президент Барак Обама тарабынан тыңшалганы тууралуу айтымдарды карайт.

Элге ачык өткөрүлө турган отурумда Федералдык маалымат топтоо кеңсесинин (ЦРУ) төрагасы Майк Рожерс жана Улуттук коопсуздук штабынын төрагасы, адмирал Майк Роджерс алгач ирет угулат.

Адилет министрлиги, Трамптын Обама тууралуу айтымдарды ачыкка чыгара турган айрым документтерди жума күнү Өкүлдөр палатасы жана Сенаттагы чалгындоо комитеттерине жектирген.

Өкүлдөр палатасынын чалгындоо комитетинин элге ачык экинчи отуруму болсо 28-мартта өткөрүлөт.

Бул отурумда мурдагы улуттук чалгындоо директору Жеймс Клэппер жана мурдагы адилет министринин милдетин аткарган Салли Ятес сыяктуу башка ысымдардын баяндоолору да угулат.

Дональд Трамп 4-мартта Твиттер эсебинен бөлүшкөн телекулак күнөөлөрүн артка кайтарып алышы үчүн Конгресстен олуттуу кысымды көрүп жатканын маалымдаган.

Өкүлдөр палатасы жана Сенаттын чалгындоо комитеттеринен бир топ эл өкүлү, Трамптын айтымдарын колдогон эч бир далилдин ортодо эместигин айтты.

Орусияда өкмөт да, Трамптын шайлоо өнөктүгүнө кийлигишкени жөнүндөгү айтымдарды четке какты.

АКШда жаңы өкмөттүн мүчөлөрүнө байланыштуу тез-тез Орусия менен байланышы болгону жөнүндөгү айтымдар жайылып жатат.

Эң акыркы жолу адилет министри Жефф Сессиондун, шайлоо өнөктүгү убагында Орусиянын жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшкөнү алдыга коюлган, бирок айтымдар тууралуу далил берилген эмес.



Тектеш кабарлар