Түркияга колдоо...

Карл Бильдт: «Венада швециялыктарга карата шайлоо митингин өткөрсөм мени абакка тыгасыңарбы?»-деп айтып Европага каршылыгын көрсөттү.

692727
Түркияга колдоо...

Швециянын мурдагы премьер-министри жана Европанын Тышкы байланыштар кеңешинин мүчөсү Карл Бильдт: «Венада швециялыктарга карата шайлоо митингин өткөрсөм мени абакка тыгасыңарбы?»-деп айтып Европага каршылыгын көрсөттү.

Карл Бильдт, өзүнүн да Швециядагы шайлоолор үчүн чет өлкөлөрдөгү шайлоо өнөктүктөрүнө катышкандыгын жана башка өлкөлөрдүн саясатчыларынын Швецияда шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүүлөрүнө күбө болгонун белгилеп кетти.

Бильдт, Германия, Нидерландия жана Австриянын тыюу салуучу мамилесинин эркиндиктер, сөз эркиндиги жана топтолуу эркиндиги жагынан чоң маселелерди туудура турганын белгилеп кетти.

Бильдттин жарыясына Португалиянын мурдагы Европа Биримдиги боюнча министринен да колдоо келди.

Бруно Макаес да сөз эркиндигине каршы шокко киргизүүчү кол салууларга Европа Биримдигинин үн катпай калышын сынга алды.

Макаес: «Тыюу салууларды ачыктай турган жалгыз укуктуу себеп жок»,-деди.

Айрым Европа өлкөлөрү түрк министрлердин Түркияда 16-апрелде боло турган элдик добуш берүүсү үчүн чет өлкөдө жашаган түрктөргө карай шайлоо өнөктүктүрүн сынга алып, бул абал ЕБ жана Түркиянын ортосунда чыңалууга алып келген.



Тектеш кабарлар