Путин элчилерди кабыл алды

Путин Түркия менен Орусиянын ортосундагы өз ара мимилелерге да баа берди

693031
Путин элчилерди кабыл алды

Орусиянын президенти Владимир Путин, Түркия менен карым-катнаштардын нормалдуу жана эки жактуу пайда алып келген мезгилге кайра кайтып келгенин айтты.

Путин Кремль сарайында Орусияда кызматын жаңы баштаган 18 өлкөнүн элчилерин кабыл алды.

Түркиянын Москвадагы элчилиги Хүсейн Дириөз да Путинге ишеним катын тапшырды.

Бул учурда эки өлкөнүн карым-катнаштарына баа берген Путин, 10-мартта президент Режеп Тайип Эрдоган менен өтө пайдалуу Жогорку деңгээлдеги кызматташтык жыйынын өткөргөндөрүн белгилеп, энергетика тармагында «Түрк агымы» газ кууру жана Аккую атомдук энергия станциясы сыяктуу ири долбоорлорду сүйлөшкөндөрүн айтты.

Сирияда террорго каршы күрөшүү жана саясий чечим табууга карата пландарды президент Эрдоган менен талкуулагандарын сөз кылган Путин, сөздөрүн мындайча улантты: «Орусия менен Түркиянын таасирдүү ролунун негизинде Сирияда өкмөт күчтөрү менен куралдуу оппозициячылдын ортосунда ок атышпоо камсыздалды. Түркиянын бул темадагы ролун билебиз жана чоң маани беребиз. Ушунун негизинде Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Түркия менен карым-катнаштарыбыз нормалдуу жана эки жактуу пайда алып келген мезгилге кайра катып келди».

Орус лидер Москва менен Анкаранын Сириядагы терроризмге каршы күрөшүү үчүн башка пландарынын да бар экенин айтты.  



Тектеш кабарлар