Түркия-ШКУ кызматташтыгы

Түркия Евразияда маанилүү өлкө жана ШКУнун негизги диалог өнөктөшү

690595
Түркия-ШКУ кызматташтыгы

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хуа Чунйинг борбор шаар Пекинде өткөргөн күнүмдүк маалымат жыйынында Шанхай Кызматташтык Уюмунун сыртка ачык, байкоочу өлкөлөр менен диалог жана кызматташууга маани берген уюм экенин айтты.

Бир гезиттин Түркиянын Шанхай Кызматташтык Уюму менен кызматташтыгын күчтөндүргүсү келгенин бир канча жолу сөз кылгандыгы темасында Пекин башкаруучулугунун көз карашын сураганы боюнча Хуа: «Түркия Евразияда маанилүү өлкө жана ШКУнун негизги диалог өнөктөшү»,- деди.

Катчы Хуа берки мүчө өлкөлөр да бирдей пикирде болгон учурда Түркиянын ШКУ менен кызматташтыгын күчтөндүрүү каалоосун биргелеше карап чыга тургандарын белгиледи.

Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан мүчөсү болгон Шанхай Кызматташтык Уюмунун Энергетика клубунун кезектешкен төрагалык кызматын диалог өнөктөшү сыпаты менен быйыл Түркия жүргүзүүдө.



Тектеш кабарлар