АКШда ДЕАШка каршы жыйналыш өтөт

Жыйналышка 68 өлкөнүн өкүлдөрү катышат.

688593
АКШда ДЕАШка каршы жыйналыш өтөт

Америка Кошмо Штаттары террор уюму ДЕАШ менен күрөшүү боюнча жыйналыш өткөрүүгө камданууда.

Террор уюму ДЕАШка каршы эл аралык коалициянын өнөктөштөрү катыша турган жыйналыш 22-23-март күндөрүндө өтөт. Жыйналышка 68 өлкөнүн өкүлдөрү катышат.

Американын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун эгедерлигинде өтө турган жыйналышта Түркияны тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу өкүлдүк кылат.

Жыйналышта аскердик, экономикалык темалар менен катар тазаланган аймактардын текшерилиши жана каршы чыгуучу айтымдарды өнүктүрүү сыяктуу жагдайлар карала турганы белгиленген маалыматта; «Коалиция тартиптүү түрдө майда топтор абалында ДЕАШка каршы күрөшүүнү арттырыш үчүн координациялуу абалда. Тышкы иштер министрлеринин акыркы жыйналышы 2016-жылы июль айында Вашингтондо болгон. Саясий директорлор деңгээлинде өткөн жыйналыш болсо 17-ноябрда Берлинде өткөн»,деген маалымат берилди.

Мамлекеттик катчылыктын убактылуу басма сөз катчысы Марк Тонер да күнүмдүк маалымат жыйынында бул тема тууралуу суроолорго жооп берди.

«Орусиянын бул жыйналышта болуп же болбой турганы» жөнүндөгү суроого Тонер: Орусиянын коалициянын бир бөлүгү болбогонун эске салды. Тонер: «Орусия бул жыйналышта орун албайт»,-деп жооп берди.

Буга кошумча Американын аскерлери Сириянын түндүгүнө замбирекчи бөлүктөрү менен кошо келип жайгашканы Американын борбордук командири (CENTCOM) генерал Жосеф Вотел тарабынан ырасталды.

АКШ, Сириянын түндүгүнө 400 чакты деңиз жөө аскерин жөнөттү.



Тектеш кабарлар