Орусия менен Түркиянын кызматташуусу

Орусиядан жооп келди

683925
Орусия менен Түркиянын кызматташуусу

Президент Режеп Тайип Эрдогандын террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүүнүн Орусия менен чогуу жүргүзүлсө болоорун айтканына бул өлкөдөн жооп келди.

Думанын коргонуу комитетинин жетекчи орун басары Андрей Красов: «Өкмөтүбүздүн бул белгини жана Түркиянын Орусия менен террорго каршы күрөшүү темасында кызматташуу каалоосун оң кабыл алаарын ойлоймун»,- деди.

Орус маалымат агенттиги Спутникке маек куруп берген Красов, Орусия менен Түркиянын учурда террорго каршы кызматташып жатканын жана координациялуу түрдө кыймыл кылганын да эске салып: «Террорго каршы күрөшүү темасында биргелешкен жол белгиледик. Берки маселелердин да кеңири каралышы үчүн лидерлерибиздин сүйлөшүүлөрү зарыл болушу мүмкүн»,- деп айтты.

Президент Эрдоган Москвадан сунуш келген учурда Орусиянын ДЕАШка каршы күрөшкөн күчтөрү менен бирге иштешүүгө даяр экендиктерин белгилеген болчу.



Тектеш кабарлар