Женевада Сирия тууралуу сүйлөшүүлөр уланууда

Женева шаарында уланган Сирия темалуу сүйлөшүүлөрдүн алкаганда Орусия жана оппозициянын делегациясы жолукту.

682981
Женевада Сирия тууралуу сүйлөшүүлөр уланууда

Швейцариянын Женева шаарында уланган Сирия темалуу сүйлөшүүлөрдүн алкаганда Орусия жана оппозициянын делегациясы жолукту.

Орусиянын делегациясына тышкы иштер министринин орун басары Геннадий Гатилов жетекчилик кылууда. Жолугушуудан кийин Орусиянын басма сөзүнө маалымат берген Гатилов: «Астанада боло турган жаңы сүйлөшүүлөрдөн чыга турган жыйынтыкка жараша, Женевадагы Сирия жолугушуулары 20-мартта улана алат»,-деп айтты.

Гатилов, Орусиянын кагылышкан тараптардын ортосунда түздөн-түз сүйлөшүүлөр болушун каалаганын белгилеп кетти.

Жолугушууларынын 7-күнүндө оппозициячылдар менен экинчи ирет жолуккан БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура да келип жеткен жерге ыраазы болгонун белгиледи.

Мистура кечинде күтүлбөгөн түрдө оппозициячылдар жашаган мейманканага барып Насыр ал-Харири баштаган оппозициянын делегациясы менен 2 сааттай сүйлөшүү өткөрдү.

Жолугушуудан кийин кыскача маалымдоо жасаган Мистура, күн тартиптеги бардык беренелерди терең карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн тапкандарын айтты.

Оппозициянын жолугушуулардагы мамилеси жана абалдарды кароо формасын мактаган Мистура, мунун өздөрү үчүн маанилүү жер болгонун баса белгиледи.

Мистуранын бүгүн Башшар Жафери баштаган режимдин делегациясы менен жолугушуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар