Венгрия баш калкалоочуларды кабыл албайт
Венгер өкмөтү бардык кадамды таштайт
Венгриянын мамлекеттик министри Янош Лазар Батыш Европа өлкөлөрү кайра Венгрияга кайтарууну каалаган 30 миң баш калкалоочуну кабыл албай турганын айтты.
Лазар катышкан бир форумда баш калкалоочу кризисине байланыштуу билдирүүсүндө, өзгөчө жаз жана жай айларында баш калкалоочулардын агымы күчөй турганын билдирди.
Венгрия аркылуу Батыш Европага өткөн баш калкалоочулардын кайра өлкөгө кайтарылууга аракет кылынганына көңүл бурган Лазар: «Швеция жана Германия менен катар Батыш Европа өлкөлөрүнөн 2015-жылы ал жерге барган 30 миңдей баш калкалоочуну Венгрияга кайра жөнөтүүнү каалап жатышат. Бул келээрки айларда орчундуу талаштарды туудурат. Бул адамдар Европа Биримдигине алгач Венгрия аркылуу эмес Грециядан киришти. Ошондуктан Венгер өкмөтү бул адамдарды кабыл албоо үчүн бардык кадамды таштайт»,- деп айтты.
Министр Лазар Венгер өкмөтүнүн Венгрия-Сербия чек арасында жаңы зым тосмо орнотуу чечимин чыгарганын да билдирди.