АКШнын ДЕАШ менен күрөшүү долбоору

Пентагон, террор уюму ДЕАШ менен күрөшүү үчүн алгачкы долбоор планын Ак үйгө сунуштады.

681583
АКШнын ДЕАШ менен күрөшүү долбоору

АКШнын Коргоо министрлиги Пентагон, террор уюму ДЕАШ менен күрөшүү үчүн алгачкы долбоор планын Ак үйгө сунуштады.

Пентагондун басма сөз катчысы, полковник Жефф Дэвис, мунун жалгыз эле аскердик план болбогонун, ДЕАШ менен жеке эле Ирак жана Сирияда эмес дүйнө жүзүндө күрөшүүнү максаттагандарын баса белгиледи.

Долбоор пландын ДЕАШты жеңилүүгө учуратуунун эмне түшүнүктү бергенин ачыктагыдай мүнөздө болгонун белгилеген Дэвис, ошол эле убакта террористтерди ылдам жеңилүүгө учурата турган план экенин да айтты.

Дэвис долбоордун дипломатиялык, финансылык, чалгынчылык, кибердик жана коомдук дипломатиялык тармактар менен кошо улуттук күчтүн бардык элементтерин камтыганын баса белгиледи.

Дэвис, Түркия жана Орусия баштаган ДЕАШ менен күрөшүү темасында аймакта ролго ээ болгон өлкөлөр менен дипломатиялык эрежелердин пландын маанилүү бир бөлүгүн камтыганына көңүл бурду.

Трамп башкаруучлугу «террордук топторду» жеңүү тышкы саясаттагы эң алдыңкы максаттардан бири экендигин айтууда.



Тектеш кабарлар