Орус учактары Түркиянын аймагында байкоо учууларын өткөрөт

Учуулардын бүгүн баштала турганы билдирилди

680937
Орус учактары Түркиянын аймагында байкоо учууларын өткөрөт

Орус учактары бүгүн Түркиянын аба мейкиндигинде байкоо учууларын баштайт.

Орусиянын Атомдук коркунучту азайтуу боюнча улуттук борборунун жетекчиси Сергей Рыжков: «Ачык асман келишинин негизинде орус адистеринин "Антонов Ан-30В" учагы менен Түркиянын аймагында өткөрө турган байкоо учууларын бүгүн баштай тургандарын билдирди.

3-мартка чейин улана турган учуулардын Эскишехир аэропортунан ишке ашаарын белгилеген Рыжков, байкоо учуусунун аралыгы максимум 1 миң 900 километр боло турганын айтты.

Учуулар убагында түрк адистердин да учакта болоорун сөз кылган Рыжков, багыттары темасында эки тараптын тең макулдашканын сөз кылды.

Сергей Рыжков Орусиянын быйыл үчүнчүсүн өткөрө турган учуунун, мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы аскердик ачыктыкты арттыра турганын баса белгиледи.

2002-жылы күчүнө кирген Ачык асман келишиминде мүчө өлкөлөр бири-бирилеринин аба мейкиндиктеринде куралсыз байкоо учууларын өткөрүүдө.

Келишимдин 34 кол коюучусунан 27си ошол эле учурда Европанын Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна (ЕККУ) мүчө өлкөлөрдөн турат.



Тектеш кабарлар