Рашид Достумдун үйү курчоого алынды

Афганстандын президентинин биринчи - вице - президенти Рашид Достум : "Мени эменеден курчоого алышсын? Террордук уюм ДЕАШ жана Талибанга каршы болгонум үчүнбү?"

677305
Рашид Достумдун үйү курчоого алынды

Афганстандын президентинин биринчи - вице - президенти Рашид Достумдун борбор шаар Кабулдагы Шир Пур аймагында жашаган үйүнүн коопсуздук күчтөрү тарабынан курчоого алынгандыгы айтылды. Бул окуядан кийин басма сөзгө маалымат берген Достум үйүнүн тегерегине жайгаштырылган коопсуздук кызматкерлеринин максатынын эмне экендигин түшүнбөгөндүгүн айтты. Өзүн курчоого алгандай сезбегендигин айткан Достум : "Мени эменеден курчоого алышсын? Террордук уюм ДЕАШ жана Талибанга каршы болгонум үчүнбү?",- деди. 

Достум үйүнүн тегерегине жайгаштырылган коопсуздук кызматкерлеринин террордук коркутуулардан улам жайгаштырылышы мүмкүн экендигин белгиледи. Достум тынчсыздана турган абалдын жок экендигин сөздөрүнө кошту. 

Азырынча себеби билинбеген бир себеп менен Рашид Достумдун үйүнүн жакындарына коопсуздук күчтөрү менен ок өткөрбөс унаалар жайгаштырылган. 

 

 



Тектеш кабарлар