Никки Хейди Израиль - Палестина эки мамлекеттүү чечүүчү жолду колдошорун билдирди

Хейли : «Эки мамлекеттүү чечүүчү жолду колдойбуз, бирок ошол эле учурда бири бири менен макулдаша турган жаңы пикирлерге да ачыкпыз»,- деди

674587
Никки Хейди Израиль - Палестина эки мамлекеттүү чечүүчү жолду колдошорун билдирди

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли Израиль -  Палестина маселесинде эки мамлекеттүү чечүүчү жолду колдошкондорун айтты.

Израиль менен Палстинанын ортосунда түздөн түз өткөрүлө турган сүйлөшүүлөр жана маселенин чечилишин колдошкондорун айткан Хейли : «Эки мамлекеттүү чечүүчү жолду колдойбуз, бирок ошол эле учурда бири бири менен макулдаша турган жаңы пикирлерге да ачыкпыз»,- деди.

АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин премьер – министри Беньямин Нетаньяху менен Вашингтондо мурунку күнү өткөргөн пресс – жыйында : «Эки мамлекет же бир мамлекет. Мен эки тарап каалаган чечүүчү жолду каалап жатам. Эки тарап эмне кааласа мен кабыл аламын. Экөөсү менен да жашай аламын. Бир канча убакыт эки мамлекеттүү чечүүчү жолдун оңой болорун ойлодум. Ачыкчасы Нетаньяху жана Израиль менен палестиналыктар ыраазы болсо мен да ыраазымын»,- деди.



Тектеш кабарлар