Палестина - Изриль маселесинин чечилиши үчүн Швеция да кадам таштоодо

Швециянын бул кадамын Израиль да оң кабыл алды

673443
Палестина  -  Изриль маселесинин чечилиши үчүн Швеция да кадам таштоодо

Швециянын тышкы иштер министри Маргот Воллстрем Израиль менен Палестинанын ортосундагы маселелердин чечилиши үчүн атайын бир элчи дайындашарын айтты. Воллстрем маалыматты өкмөттүн бул жылкы тышкы саясаттагы жолу тууралуу парламентке сунуштап жатып билдирди.

Тараптардын ортосундагы тынчтык процесси үчүн элчи дайындашарын белгилеген Воллстрем элчинин толук жоопкерчилик менен иштей тургандыгын жана эл аралык жыйындарга катышарн айтты.

Швециянын бул кадамын Израиль да оң кабыл алды.

Израилдин тышкы иштер министрлигинин катчысы Эммануэль Нахшон Швеция өкмөтүнүн бүткүл дүйнөгө тынчтыкты алып келүү үчүн көрсөткөн аракетин колдошкондорун белгиледи.

 



Тектеш кабарлар