Катарда түрк ооруканасы ачылды

Бейтапкана өнүккөн технология менен жабдылды

673703
Катарда түрк ооруканасы ачылды

Катарда алгачкы түрк ооруканасы ачылды.

Борбор шаар Дохадагы оорукананын ачылышын Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен экономика министри Нихит Зейбекчи ишке ашырды.

Чавушоглу ачылыштагы сөз сүйлөөсүндө, бул оорукананын Түркия-Катар өнөктөштүгүндө үлгү жаратканын белгилеп, өнүккөн аппарат жана шаймандар менен жабдылган бейтапканада тажрыйбалуу түрк доктурларынын эмгектенип жатканын билдирди.

Түркиянын медицина тармагында өнүгүп баратканын баса белгилеген Чавушоглу, оорукананын жалгыз гана Катарда жашагандарга эмес бардык аймактын тургундарына кызмат көрсөтөөрүн сөз кылды.

Бейтапкананын директору Волкан Уйгунучарлар да Катардагы түрк ооруканасынын бардык кызматкерлеринин түрк болушу жагынан да чет өлкөдө ачылган алгачкысы экенин айтты.

Ошондой эле бардык бөлүмдөрү болгон ооруканада 85 керебет, өнүккөн технология менен жабдылган 5 операция бөлмөсү, 28 клиника жана төрөткана менен катар реанимация бөлүмүнүн болгонун билдирди.



Тектеш кабарлар