АКШ Сирияга кургактык күчтөрүн жөнөтүшү мүмкүн

Акыркы чечимдин болсо президент Трампка таандык болгону айтылды.

673768
АКШ Сирияга кургактык күчтөрүн жөнөтүшү мүмкүн

Америка Кошмо Штаттарынын Сирияга кургактык күчүн жибере турганы айтылды.

CNN Internationalдын маалыматына караганда АКШнын коргоо министрлиги (Пентагон), президент Дональд Трампка Сирияга кадимки кургактык күчүн жөнөтүүнү сунуштады.

Кабарда ысымы жарыялана элек коргоо министрлигинин бир кызматкеринин «Белгилүү мөөнөткө кадимки кургактык бөлүктөрү Сирияга жиберилиши мүмкүн», дегени белгиленди.

Акыркы чечимдин болсо президент Трампка таандык болгону айтылды.

Трамп өткөн айда Президенттик жобосу менен коргоо министри Жим Маттистен 30 күндүн ичинде террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүнү ылдамдата турган план даярдалышын талап кылган.

Кургактык бөлүктөрүнүн да Пентагондун Трампка сунушташ үчүн даярдаган планынын бир бөлүгү болгону айтылууда.



Тектеш кабарлар