Жүк ташуучу поезд менен жүгүнчү поезди кагылышты

Кырсыкта бир киши каза болуп көп сандаган киши жараланды

672719
Жүк  ташуучу поезд менен жүгүнчү поезди кагылышты

Люксембургда  бир жүк ташуучу поезд менен жүргүнчү поездинин кагылышуусунун натыйжасында бир киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды.

Темир жол фирмасы тарабынан берилген маалыматта кырсыктын Люксембургдан Францияга кеткен жүргүнчү поездинин азырынча белгисиз болгон бир себеп менен багытындагы «токто» эскертүүсүнө карабастан жолун улантуусу менен болгондугу белгиленди.

Жүргүнчүлөрдөн бирөөсүнүн окуя болгон жерде каза болгондугун билдирген жетекчилер оор жаралуу эки жүргүнчүнүн дарылануусу үчүн жакындагы ооруканага жаткырылгандыгын айтышты. Кырсыктын фотографиялары жүк ташуучу поезд менен жүргүнчү поездинин кагылышкандыгын,  көп сандаган вагондун рельстен чыккандыгын көрсөтүүдө.

Кырсыктан улам Франция – Люксембург ортосундагы поезд каттамдары 48 сааттык мөөнөт менен токтотулду.



Тектеш кабарлар