Пакистанда террордук кол салуу болду
Кол салууда 13 киши каза болуп, 80ден ашуун киши жараланды
671969
Пакистандын Лахор шаарында террор митингди бутага алды; 13 киши каза болуп, 80ден ашуун киши жараланды. Лахор шаарында фармацевттер өлкөнүн дары – дармек сатышы тууралуу жаңы түзөтүүлөрүнө каршы чыгуу үчүн чогулушту.
Тынчтыкчыл митинг террористтердин бутасы болду. Митингге чыккандардын арасына мотоцикл менен кирген террорист үстүндөгү бомбаны жардырды. Террордук кыймылды Талибан менен байланышы болгон Жемаат үр - Ахрар аттуу топ моюнга алды. Кол салуунун Пакистан армиясынын Афганстан чек арасында жүргүзгөн операцияларга жооп максатында жасагандыгы жарыяланды.