АКШ менен Канаданын карым-катнаштары абдан чырмалышкан

Донльд Трамп менен жолугууга барган үчүнчү лидер Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо болду.

672217
АКШ менен Канаданын карым-катнаштары абдан чырмалышкан

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Донльд Трамп менен жолугууга барган үчүнчү лидер Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо болду.

Жастин Трюдо жана Трамп, Ак үйдөгү жолугушууларынан кийин басма сөзгө маалымат беришти.

Лидерлер террорго каршы күрөштө биримдик билдириүүсүн айтып, орток максат үчүн иштей тургандарын белгилеп кетишти.

Дональд Трамп айрыкча эки тараптуу соода-сатык жана бирге өнүгүү үчүн кызматташтыкка көңүл бурду.

Трамп: «Канада менен ортобузда абдан көп соода карым-катнашыбыз бар. Буга атайын түзөтүү жасайбыз. Эки өлкөгө тең пайда алып келе турган белгилүү нерселерди жасайбыз»,-деп айтты.

Трюдо да эки өлкөнүн ортосундагы атайын байланыштар жана «туруктуу мүнөздөгү терең урмат сыйды» баса белгиледи, бирок  «коңшулардын ортосундагы карым-катнаштар абдан чырмалышканын» да белгилеп кетти.

Эки лидер орток кызыкчылыктарына басым жасашса дагы, бири-биринен айырмалынып турган көз караштары да белгилүү болуп турду. Трамп, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатканда качкын жана миграция темасындагы иштерин мактап: «Жаңылыш кишилердин ичкери киришине уруксат бербейбиз»,-деди. Трюдо болсо Канаданын «ачыктык саясаттарын» ишке ашыруусун улантканын айтты.

Трюдо андан соң эки өлкөнүн мамилелеринин убак-убагы менен айырмачылык көрсөткөнүнө көңүл буруп, бирок «Канадалыктардын менден күткөн акыркы нерсеси, бул жерге келип башка бир өлкөгө өздөрүн кантип башкарууну тандагандары темасында сабак берүүм»,-деди.



Тектеш кабарлар