Американын аскердик учактары 11 террористти өлтүрдү

Аль Каида лидерлеринен экендиги айтылган Эбу Хани ел  -  Мысри да араларында болгон уюмдун мүчөсү 11 террористтин өлтүрүлгөндүгү белгиленди

668638
Американын аскердик учактары 11 террористти өлтүрдү

Американын аскердик учактарынын Сириянын Идлиб шаарында террордук уюм Аль Каидага таандык экендиги айтылган имаратка жасаган кол салууда 11 террорист өлтүрүлү.

АКШнын коргоо министрлигинин катчысы Лефф Дэвис тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта 3 – 4-  февралда террордук уюм Аль Каиданын жыйын өткөрүүчү борбору экендиги айтылган бир имаратка абадан эки жол укол салуу жасалгандыгы билдирилди.

Маалыматта кол салууда террордук уюм Аль Каида лидерлеринен экендиги айтылган Эбу Хани ел  -  Мысри да араларында болгон уюмдун мүчөсү 11 террористтин өлтүрүлгөндүгү белгиленди. Ел Мысринин Айман ел  -  Зевахири менен Усама Бин Ладин сыяктуу террордук уюм Аль Каиданын лидерлери менен байланышынын бар экендиги белгиленди.

Дэвис маалыматта : «Ел Мысри миңдеген террористти машыктырып, дүйнөнүн түрдүү аймактарына жиберген Афганстанда 1980 - 1990 -  жылдарда бир топ Аль Каида лагеринин курулушу менен иштетилишинде роль алды. Ал айрыкча биринчи жан кечтилик бомбачысын колдонгон Египет исламдык жихаддын куруучуларынан эле»,- деди.



Тектеш кабарлар