АКШда бороон-чапкын
Луизианада өзгөчө кырдаал жарыяланды
668861
АКШнын Луизиана штатына караштуу Жаңы Орлеан шаарындагы катуу бороон-чапкындан 25 киши жаракат алды.
50 миң кишинин электр жарыксыз калышына себепчи болгон бороон-чапкын шаарга чоң зыян алып келди.
Луизиана губернатору Джон Бел Эдвардс өзгөчө кырдаал жарыялады. «Мынчалык күчтүү бороон-чапкынды көргөн эмесмин» деген Эдвардс: «Кыйрандыны көргөнүмдө дагы көп жаракат алгандардын болбогонуна шүгүр кылдым»,- деп айтты. Шаарда бороон-чапкындын айынан 50 миң киши жарыксыз калды.
Тектеш кабарлар
Орусия Новокалиновону көзөмөлгө алды
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.