Иракта 600 бала жетим болду
Иракта АКШнын 2003 - жылдагы басып алуусунан бери болуп жаткан зордук – зомбулук окуяларынан улам 600 миң бала жетим болду
666166
Иракта АКШнын 2003 - жылдагы басып алуусунан бери болуп жаткан зордук – зомбулук окуяларынан улам 600 миң бала жетим болду. Бул сан Ирак пландоо министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө менен аныкталды. Министрликтин катчысы Абдуззехра Хиндави : «2003 - жыл менен 2015 - жылдын акырына чейин жүргүзгөн иликтөөлөргө караганда түрдүү зомбулук окуяларынан улам 600 миң бала жетим болду»,- деди.
Хиндави бул статистиканын террордук уюм ДЕАШ тарабынан 2014 - жылы басып алаган Салахаддин, Энбар жана Мусулду камтыбагандыгын баса белгиледи. Министрликтин катчысы Хинадави Мусулдун толугу менен террордук уюм ДЕАШтан куткарылгандан кийин бул үч шаарда да жетимдерди аныктай башташарын айтты.