Путиндин "Түрк агымы" жөнүндөгү билдирүүсү

Венгрияга барган Путин премьер-министр Виктор Орбан менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

664529
Путиндин "Түрк агымы" жөнүндөгү билдирүүсү

Орусиянын президенти Владимир Путин Венгриянын «Түрк агымы» түтүк жолунан газ ала алаарын айтты.

Венгрияга барган Путин премьер-министр Виктор Орбан менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Путин газдын Украина аркылуу Европага жеткирилиши темасында саясий жактан кандайдыр бир пландары жок экенин белгилеп, Венгриянын «Түрк агымы» куурунан да газ алса болоорун айтты.

Венгриянын премьер-министри Орбан болсо: «Түштүк агым түтүк жолу биз үчүн мүмкүнчүлүк бирок бул боюнча эч нерсе кыла албайбыз. «Түрк агымынын» Борбордук Европа тарапка карай салынышы биз үчүн маанилүү жана бул мүмкүнчүлүк таанылган учурда ушул долбоордо орун алгыбыз келет»,-деди.



Тектеш кабарлар