АКШда мамлекеттик катчылыкка Рекс Тиллерсон шайланды

Exxon Mobilдин мурдагы башкаруу кеңешинин төрагасы Рекс Тиллерсон, Сенаттан 43 каршы 56 макул добушу менен өттү.

663662
АКШда мамлекеттик катчылыкка Рекс Тиллерсон шайланды

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон болду.

Exxon Mobilдин   мурдагы башкаруу кеңешинин төрагасы Рекс Тиллерсон, Сенаттан 43 каршы 56 макул добушу менен өттү.

Тиллерсондун ишкерлик мезгилинде Орусиянын Газпром фирмасы менен жакын карым-катнашы бар эле.

Сенатта 2 жума мурдагы баяндамасы 9 саатка созулган Тиллерсондун Орусия менен жакын мамилелеринин себебинен демократтардын бойкот кылуу ыктымалдуулугу жогору болчу.

Бирок демократтар процессти кечиктирген жок жана Тиллерсондун шайланганы жарыяланды.

Жакынкы Чыгышта дагы активдүү тышкы саясатты жактаган Рекс Тиллерсон Анкарага жылуу билдирүүлөрү менен таанылган.

Тиллерсон, «Биз аянтты бош калтырганыбыз үчүн Түркия, Орусияга кайтууга аргасыз» деген сөздөрү менен келечекте Америка башкаруучулугунун кантип тышкы саясат жүргүзө турганынын белгилерин берди.



Тектеш кабарлар