Ирандын президенти Орусияга барат

Руханинин Путин менен жолугушуусу күтүлүп жатат

663122
Ирандын президенти Орусияга барат

Ирандын президенти Хасан Руханинин март айында Орусияга сапар жасашы пландалууда.

Руханинин борбор шаар Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусу күтүлүп жатат.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да Рухани менен Путиндин ортосунда сүйлөшүү өткөрүлүшү пландалып жатканын ырастады.

Даярдыктардын жүрүп жатканын белгилеген Песков сапардын күнүн кийинчээрек билдире тургандарын айтты.

Руханинин сапары, Орусия менен Ирандын Сирия темасында кызматташтыгын бекемдеп жаткан мезгилде туш келет.



Тектеш кабарлар