Грецияда качкындар каза болуп жатат

2 айлык сириялык Нуршан бөбөк каза болду

663251
Грецияда качкындар каза болуп жатат

Грециядагы качкындардын өлүмүнө жаңысы кошулду. Качкындар лагеринде ооруканага жаткырылган 2 айлык сириялык Нуршан бөбөк каза болду. Грециядагы качкындар лагерлеринде бул жумада каза болгондордун саны төрктө жетти. Нуршан бөбөк үй – бүлөсү менен дагы жакшы жашоо үчүн Европага карай жолго чыгып, чек аралардын жабылышы менен Грециядагы Ритсона лагеринде жашап жаткан.

Расмий маалыматтарга караганда Грецияда 60 миңге жакын качкын бар. Европа өлкөлөрүнүн чек араларды жабуусунан кийин Грецияда калган качкындар жашап жаткан лагерлерде кыйын кыш шарттары менен күрөшүүдө.

Мидилли аралындагы Мориа качкындар лагеринде акыркы бир жумада 3 киши каза болду. Өткөн жумаларда  өлкөнү таасири астына алган катуу суук жана кар жааганына карабастан жүздөгөн качкын Мориа лагеринде  жайкы чатырларда жашап жатышат. Греция качкындарга  саламаттыкты сактоо боюнча шарттарды түзө албагандыгы менен сынга алынууда.



Тектеш кабарлар