Ондогон киши Америкага бара турган учактарга алынган жок

АКШнын президенти жума күнү кол койгон жарлыктан кийин ондогон киши Америкага бара турган учактарга алынган жок

662530
Ондогон киши Америкага бара турган учактарга алынган жок
Iraqi parliament, ırak parlamentosu

АКШнын президенти Дональд Трамптын  качкындарга тыюу салуусу менен ондогон киши Түркиядан чыга алган жок. Стамбул Ататүрк аэропорту Жакынкы Чыгыштан Европа жана Америкага кеткен жүргүнчүлөр үчүн негизги трансфер жери. АКШнын президенти жума күнү кол койгон жарлыктан кийин ондогон киши Америкага бара турган учактарга алынган жок.

АКШнын президентининин көчмөндөр жана көпчүлүгү мусулман болгон жети өлкөнүн жарандарына киргизген тыюу салуудан кийин Стамбул Ататүрк аэропортунда баш – аламандык дүйшөмбү күнү да улантылды.

Аэропорттогу жетекчилер жекшемби күнү саякатка чыга турган ондогон кишини тыюу салуудан улам токтотууга мажбур болушкандарын айтышты.

Жума күнү АКШнын президенти Дональд Трамп Америкага келген качкындарга 4 айлык жана Сирия, Иран, Ирак, Ливия, Сомали, Судан жана Йеменден келген зыяратчыларга 90 күндүк тыюу салды.

Түркия бул 7 өлкөгө жакын жана аймактын эң негизги трансфер жерилеринин бирөөсү. Стамбул аэропорттору Жакынкы Чыгыштан Европа жана Америкага кеткен жүргүнчүлөр тарабынан көп колдонулууда.Ошол эле учурда тыюу салынгандар тизмесинде болгон өлкөлөрдөн Иракта парламент Трапмтын тыюу салуусуна карата жооп берүү чечимин чыгарды.

Добуш берүүнүн баш ийдирүүчүлүгү жок жана өкмөттүн жана премьер – министрдин АКШ жарандарына Иракка саякатка келүүсүнө тыюу салуусу азырынча тактала элек.

Иракта азыр да 5000ге жакын Америка аскери бар. Айрыкча мындай чечимден көптөгөн америкалык жардам ыктыярдуусу менен журналисттин таасирленииши мүмкүн.

 



Тектеш кабарлар