Трамп менен Салмандын сүйлөшүүсү эмнелерден белги берет?

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдүлазиз телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

661563
Трамп менен Салмандын сүйлөшүүсү эмнелерден белги берет?

Америка Кошмо Шаттарынын Президенти Дональд Трамп, Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдүлазиз менен Сирия жана Йеменде коопсуз аймак түзүлүүсү үчүн макулдашты.

АКШнын президенти Трамп менен Сауд Арабиянын королу Салман телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Анда террорго каршы көрүлө турган экономикалык жана аскердик чаралар менен катар аймактагы абалдарга да токтолушту.

Лидерлер террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүнүн дагы күчтүү түрдө уланышы пикиринде макулдашышты. Эки лидер айрыкча Сирия жана Йеменде коопсуз аймактардын түзүлүүүсү темасында макулдашышты.

Сауд органдары тарабынан телефондогу сүйлөшүү жарыяланып, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катнаштардын күчтөндүрүлүшүнө чечим чыгарылганы маалымдалды.

Анда таштала турган экономикалык кадамдардын АКШда дагы Сауд Арабияда дагы жаңы иштерди жаратуу түшүнүгүн бергенин белгилеп кетти.

Эки лидер Ирандын аймактагы таасиринин артып жатканы тууралуу пикир алмашышты.

Ай үйдүн жазуу түрүндөгү жарыясында да Трамп менен Король Салмандын ортосундагы телефон сүйлөшүүсүндө эки өлкөнүн ортосундагы көпкө созулган достук жана стратегиялык өнөктөштүк баса белгиленгени маалым болду.

Жарыяда Трамп менен Король Салмандын «Иранда атомдук келишимдин кылдат түрдө байкалышынын маанисине жана Ирандын аймактагы ырааттуулукту бузуучу кыймылдарына» көңүл бургандары баса белгиленди. Шайлоо өнөктүгү мезгилинде Иран менен түзүлгөн атомдук келишимдин «абдан жаман келишим болгонун» айткан Трамптын, аймакта «Ирандын атаандашы» абалындагы Сауд Арабиянын лидери менен алгачкы сүйлөшүүсүндө бул темага токтолушу көңүлдү бурду.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү берки жарыясында да Трамп менен Абу Дабинин мураскер принци Мухаммед бин Зайиддин ортосундагы телефондогу сүйлөшүүнүн кеңириси коомдук пикир менен бөлүшүлдү.

Трамптын Бин Зайид менен сүйлөшүүсүндө да «Аймакта жерлеринен ажыраган качкындар үчүн коопсуз аймактар түзүлүүсү темасында колдоо көрсөтүүсүн суранганы» жана мураскер принцтин да буга колдоо көрсөтө турганын айтканы белгиленди.



Тектеш кабарлар