Түркия - Орусия Ел Баб операциясы

Орусия менен Түркия Сириянын Ел Баб шаарында террордук уюм ДЕАШ буталарына карата биргелешкен операция уюштурду

660458
Түркия - Орусия Ел Баб операциясы

Орусия менен Түркия Сириянын Ел Баб шаарында террордук уюм ДЕАШ буталарына карата биргелешкен операция уюштурду.

Орусиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта Орус Су  - 24М бомбалоочу учактары менен Су – 35С реактивдеринин түрк куралдуу күчтөрүнө караштуу Ф – 16 жана Ф  - 4төр менен биргелеше операция жүргүзгөндүгү белгиленди.

Биргелеше жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгында 3 ДЕАШтын командирлик  борборунун жардырылгандыгын белгилеген министрлик ошол эле учурда  террордук уюм ДЕАШ мүчөлөрүнүн да бутага алынгандыгын жана таасирсиз абалга алып келингендигин билдирди.  Маалыматта биргелеше жүргүзүлгөн операцияда Латакиядагы Хмеймим  аба базасындагы  орус жетекчилер менен түрк аба күчтөрүнүн командирлик борборунун ДЕАШ буталарынын координаттары тууралуу кызматташтык түзгөндүгү белгиленип, араларында курал сактоочу жерлер менен 58 бутанын жардырылгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар