Путин Трамп менен сүйлөшөт

Дмитрий Песков Путин менен Трамптын сүйлөшүү өткөрүүнү пландаганын ырастады.

660301
Путин Трамп менен сүйлөшөт

Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп эртең телефон аркылуу байланышып сүйлөшөт.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин менен Трамптын эртең телефон сүйлөшүүсүн өткөрүүнү пландаганын ырастады.

Песков CNNдин бул темадагы суроосуна: «Ооба, туура»,- деп жооп берди.

Бул сүйлөшүү ишке ашса Трамптын кызматын башташынан кийин эки лидердин ортосундагы биринчи сүйлөшүү болот.

Буга чейин Трамп Fox Newsке берген маегинде, жакынкы убакта Путин менен телефон аркылуу сүйлөшө турганын белгилеп: «Шайлоону жеңгенимде Путин мага телефон чалган. Андан бери сүйлөшө элекпиз. Жакында сүйлөшөбүз деп ойлойм»,- деген эле.



Тектеш кабарлар