Франция менен укуктук талашта Түркиянын жеңиши

Францияда 1915-жылдагы окуяларды четке кагуу кылмыш болуп эсептелбейт.

660185
Франция менен укуктук талашта Түркиянын жеңиши

Францияда 1915-жылдагы окуяларды четке кагуу кылмыш болуп эсептелбейт

Франциянын Конституциялык соту, 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу армян дооматтарын да камтыгыдай түрдө «айрым кылмыштардын четке кагылышынын кылмыш болуп саналышы» тууралуу мыйзамдын тийиштүү өкүмүн жойду.

Токтомдо, өткөн жылдын акырында мыйзамдашкан долбоордун «ансыз деле учурда болгон жек көрүүгө үндөөгө байланыштуу мыйзамдарга кошумчалануусунун кереги жоктугу» баса белгиленди.

Анда, «Бул мыйзам ишке кирген учурунда кылмыш болуп эсептелбеген окуялар туурасында сереп салууну жазаландыруу жолу ачылат. Ошол эле убакта мыйзам негизинен тарыхый талаштар менен салыштырылышы керек болгон окуя жана ой-пикирлердин мыйзамдуулугу темасында бүдөмүккө себепчи болот. Ошондуктан бул мыйзам сөз эркиндигине керексиз жана ченемсиз кол салуу болот»,делди.

Бул мыйзамдын Улуттук парламент жана Сенаттан өтүшү Түркиянын жана Франциядагы түрк коомчулуктарынын каршы чыгууларына себепчи болгон, тийиштүү берене андан кийин бир конституциялык укукчусу жана түрк коомдорунун кайрылуусу менен акыркы чечим чыгаруу органы болгон Конституциялык сотко алып барылган.

Конституциялык соттун чындыгында мындай түрдөгү каршы чыгууну кабыл албоо ыйгарым укугу болгонуна карабастан кабыл алып талкууга салынышы болсо «Түркиянын укуктук жеңиши» катары бааланууда.

Францияда Николас Саркозинин президенттиги убагында кабыл алынган ушуга окшогон мыйзам да Конституциялык сот тарабынан «Сөз эркиндигин чектеп койгону» себеби менен четке кагылган.



Тектеш кабарлар