Тарыхый эстеликтердин аткезчилигине каршы операция жүргүзүлдү

Операцияга  Европол, Интерпол, ЮНЕСКО, Дүйнөлүк Бажы Уюму жана 18 өлкөнүн коопсуздук күчтөрү катышты.

658080
Тарыхый эстеликтердин аткезчилигине каршы операция жүргүзүлдү

Европа Биримдигинин полиция кызматы (Европол) тарыхый эстеликтердин аткезчилигине каршы 2 айга созулган операциянын алкагында Осмон дооруна таандык көрүстөн ташы да арасында болгон 3 миң 581 табылганын кармалганын билдирди.

«Пандора Код» аттуу операцияга  Европол, Интерпол, ЮНЕСКО, Дүйнөлүк Бажы Уюму жана 18 өлкөнүн коопсуздук күчтөрү катышты.

Операцияда табылган тарыхый эмгектер археология дүйнөсүндө чоң мааниге ээ. Булардын арасында орун алган Осмон дооруна таандык көрүстөн ташы операциянын Греция багытында бул өлкөнүн коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалды.

Испаниядагы Мурсия археология музейинен уурдалып кеткен 19 объект да арасында болгон 500 археологиялык эстелик Мурсия шаарында, ар кайсы доорлорго таандык 400 акча да интернет аркылуу жарыяланган жарнамалардын изинен табылды.

Операциянын алкагында 48 миң 588 киши, 29 миң 340 унаа жана 50 кеме изделсе, 75 адам камакка алынды.

Өткөн октябрь жана ноябрь айларында жүргүзүлгөн «Пандора» операциясына Австрия, Бельгия, Болгария, Хорватия, Кипр, Германия, Греция, Италия, Мальта, Нидерландия, Польша, Португалия, Румыния, Испания, Улуу Британия, Босния-Герцеговина, Сербия жана Швейцария колдоо көрсөткөн болчу. ЮНЕСКО да операцияга билим берүү жана кеңешчилик жолу менен салым кошту.



Тектеш кабарлар