Иракта Мусулдун чыгышы куткарылды

Ирак коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Куралдуу күчтөрүбүз Мусулдун чыгышын толугу менен кайра алды»,- деп айтылды

658197
Иракта Мусулдун чыгышы куткарылды

Иракта Мусулдун чыгышы толугу менен террордук уюм ДЕАШтан куткарылды. Ирак коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Куралдуу күчтөрүбүз Мусулдун чыгышын толугу менен кайра алды»,- деп айтылды.

ДЕАШ террористтеринин Тигр дарыясынын чыгышындагы акыркы фронттон да чыгарылгандыгы белгиленген маалыматта : «Күчтөрүбүз душманга (ДЕАШ) чоң жоготуу берди. Күчтөрүбүз айрыкча мина жана жарылуучу заттардан кийин имараттарды тазалоо жана жолдорду ачуу, аянтты текшерүү астына алуу жана акыркы жоготуулардан кийин бөлүнүүгө учураган террорго мүмкүнчүлүк бербеш үчүн текшерүү жерлерин куруу иштерин баштады»,- деп билдирилди.

Премьр  - министр Хайдар ел Ибадинин басма сөз офисинен берилген маалыматта да Ибадинин парламент биринчи төрагасы Хумам Хаммуди менен жолугушуусунда Мусулдун чыгышынын ДЕАШтан куткарылгандыгын белгилегендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар