Астанада Сирия тууралуу сүйлөшүү башталууда

Сирияда жарандык согушту токтотуу максаты менен чогулган тараптар Казакстандын борбор калаасы Астанага келишти.

657208
Астанада Сирия тууралуу сүйлөшүү башталууда
abdrahmanov suriye rejim ve muhalefet.jpg

Сирияда жарандык согушту токтотуу максаты менен режим жана аскердик оппозициянын өкүлдөрү Казакстандын борбор калаасы Астанада чогулду.

Сирияда 30-декабрда жарыяланган ок атпоодо оппозициячылдардын атынан кепил болгон Түркия жана Орусиянын жол башчылыгында өткөрүлгөн жыйналышка, режим жана оппозициядагы өкүлдөр менен катар Иран, АКШ жана БУУнун баш катчысынын Сирия боюнча атайын кеңешчиси Стаффан де Мистуранын катышуусу күтүлүүдө.

Басма сөзгө жабык өткөн жыйналышта Сириядагы ок атпоонун жаңылануусу жана курчоо астындагы аймактарга гуманитардык жардамдардын жеткирилиши сүйлөшүлө турган башкы темалардын арасында орун алат.

Жыйналыштын эң маанилүү жактарынан бири оппозициянын жарандык согуштун башынан бери сүйлөшүүлөргө эң кеңири катышууну камсыздоосу болуп саналат.

Мындан мурда Швейцариянын Женева шаарында туткун айырбаштоо жана айрым ишенимди арттуруучу чаралар үчүн тараптардын ортосунда абдан кыска жана тар чөйрөдөгү сүйлөшүү болгон.

Андан башка «алгачкы нерсе» да аскердик оппозция менен Асад режиминин 6 жылдык жарандык согуштан кийин алгач ирет бир сүйлөшүү үстөлүндө түздөн-түз жолугушууларды өткөрө турган болушу.

Режим жана анын кепили Орусиянын ок атпоону бузууларга байланыштуу кадам таштаган учурунда, оппозициячылдар эки ишеним арттыруучу чара көрүүнүн ишке ашылырышын сунуштайт.

Бул чара көрүүлөрдөн алгачкысы, борбор шаар Дамаск жана Хомста режимдин курчоосу астындагы адамзат кризиси тереңдешкен көп сандаган аймакка гуманитардык коридор ачылышы болот.

Оппозициячылдар режимдин абактарындагы миңдеген саясий туткундун да эркин кое берилишин талап кылат.

Бул учурда, Астанага барган оппозициячылдар жыйналыштын алдында кечээ, Тышкы иштер министрлиги кеңешчи орун басары Седат Өналдын жетекчилигиндеги түрк делегациясына келип пикир алмашты.

Андан соң Англия, Франция, Германия жана Даниянын дипломаттарынан турган биргелешкен делегациясы оппозициячылдар менен жолукту.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абрахманов да жыйналыштын алдында Сирия режими жана оппозициянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

БУУнун баш катчысынын Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура менен да жолуккан Абдрахманов, Түркия, Иран жана Орусиянын делегациялары менен да өз-өзүнчө жолугушуу өткөрдү.



Тектеш кабарлар