Орусия кибер чабуулдарына дуушар болуп жатат

Чабуулдардын артында кимдер турганына байланыштуу айрым далилдер бар

655985
Орусия кибер чабуулдарына дуушар болуп жатат

Орусияда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков өлкөсүнүн күн сайын Англия, Германия жана АКШдан багытталган көп сандаган кибердик чабуулдарга дуушар болуп жатканын айтты.

Песков BBCге берген маалыматында, аты аталган үч өлкөдөн багытталган бул чабуулдардын «өкмөткө байланыштуу эмес экенин ойлогондорун» бирок бул чабуулдардын артында «чет элдик атайын кызматтардын тургана байланыштуу айрым далилдер» болгонун айтты.

Кибер чабуулдарынын көбүнчө банктар жана расмий интернет барактарын бутага алганын сөз кылган Песков, Орусиянын батыштык өлкөлөрдү бутага алган кибердик чабуулдарды жасаганы жөнүндөгү айтымдарды болсо четке какты.

Катчы Песков: «Орусия өкмөтү, Кремль, президент Владимир Путин жана аскердик чалгындоо кызматтары бул айтымдарды колдобойт. Албетте аты аталган чабуулдар чындап эле болгон болсо»,- деди.



Тектеш кабарлар