Орусия АКШны Астанага расмий түрдө чакырды
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Астанада боло турган тарыхый Сирия саммити үчүн АКШга чакыруу жиберилгендигин билдирди
![Орусия АКШны Астанага расмий түрдө чакырды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6c8a/bb6e/9a60/5879d91ad1205.jpg?time=1718856944)
Орусия Ирандын каршы чыкканына карабастан АКШны 23 -январда Казакстандын борбор шаары Астанада боло турган Сирия сүйлөшүүлөрүнө расмий түрдө чакырды.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Астанада боло турган тарыхый Сирия саммити үчүн АКШга чакыруу жиберилгендигин билдирди.
Лавров Вашингтонго чакыруунун бүгүн жиберилгендигин жарыялады. Тегеран башкаруусу болсо АКШнын катышпашы керектигин жактап жатат. Түркия жана Орусиянын жол башчылыгында жарыяланган Сириядагы ок атышпоолор 30 – декабрдан бери кээ кээде эреже бузуулар болсо да көпчүлүк учурда баш ийүү болду. Астана саммити процесстеги экинчи кадам. Сириялык оппозициячылдар жана Дамаск режими андан мурда саммитке катыша тургандыгын билдирген болчу. Өлкөдөгү ок атышпоолор ДЕАШ жана Ел Нусра сыяктуу террордук топторду камтыбайт.