Күн тартиби-3

Кипр маселеси Женевада

654343
Күн тартиби-3

Швейцариянын Женева шаарында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы менен Түштүк Рум бөлүгүнүн лидери Никос Анастасиадистин ортосунда үч күнгө созулган жана эл аралык конференция менен аяктаган Кипр маселесине чечүүчү жол табуу аракеттерине 18-январга чейин тыныгуу берилди.

18-январдан тарта технократтар деңгээлинде улана турган сүйлөшүүлөр, гарантер өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери тарабынан каралып чыгат жана кандайдыр бир жыйынтык чыккан учурунда өкмөт башчылары чакырылат.

Женевадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин күн тартипти алагды кылган балким эң маанилүү суроо «жыйындан так жыйынтык чыгып же чыкпаганы эле».

Бул суроого бериле турчу эң туура жооп негизи БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриштин Женевада өткөргөн маалымат жыйынында айткан, «Кипрде эки коомчулуктуу, эки аймактуу федералдык түзүлүш үчүн чечүүчү жол табууга жакындап калдык» деген сөзү.

Кипрдеги эки коомчулуктун лидерлеринин ортосунда 20 айдан бери уланып келе жаткан сүйлөшүүлөрдүн эң маанилүү өзгөчөлүгү, тараптардын эң талаштуу сүйлөшүүлөрдөн кийин деле каалгаларын толугу менен жаппай ак ниеттүү күтүүлөрүнүн уланышын камсыздашы эле.

Женевада да бул абал өзгөргөн жок. Бул жерден Кипр маселесине чечүүчү жол таап үйгө кайтуу күтүүсү чынында реалисттик күтүү эмес эле. Кипр темасына көптөгөн жылдардан бери байкоо салып  келе жаткан адистер, бул жерден так чечүүчү жол чыкпай турганын ансыз деле билишкен, бирок көпүрөлөрдүн канчалык деңгээлде корголо турганы маанилүү болчу.

Үч күнгө созулган сүйлөшүүлөргө баа бере турган болсок Акынжы менен Анастасиадистин оптимисттик маанайды дагы бир жолу коргой алганын айта алабыз.

Айрым чөйрөлөр Женевадагы конференциянын да негизи так жыйынтык чыкпастан аяктаганын айтышса да, бул конференцияда биринчи жолу эки тараптын жер темасында өз карталарын сунуштагандарын жана бул карталардын убагы келгенде үстөлгө коюу үчүн БУУ тарабынан атайын болот кассада сакталаарын унутпашы керек.

Ушул эле Кипр сүйлөшүүлөрүнүн алкагында, Женевадагы конференцияда Кипр сүйлөшүүлөрүнүн 6 негизги темасынын бири болгон «Коопсуздук жана кепилдиктер» темасы конференцияда биринчи жолу талкууга коюлганын эске сала кетели.

«Коопсуздук жана кепилдиктер» сүйлөшүүлөрдө өтө маанилүү тема болуп саналат. Анткени түрк тарап кепилдик системасынан баш тартуунун Кипрдин коопсуздугу жагынан жана аралда өтмүштө болгон айрым окуялардын кайрадан козголбошу үчүн мүмкүн эмес экендигин белгилесе, грек-рум тарап 1974-жылдагы Тынчтык кыймылынан кийин аралга тынчтык алып келген түрк аскерлерин Кипрден чыгарууга карай дипломатия жүргүзүп жатышат.

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу ушул темага байланыштуу суроого жооп берип жатып буларды айтты: «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жана Түркия Республикасынын бул темадагы мамилеси бирдей. Б.а.Түркиянын кепилдиги уланат,аралда түрк аскерлеринин орун алышы уланат. Бул Кипр түрк элинин баш тартылгыс талабы болуп саналат. Алар үчүн эң маанилүү тема болуп эсептелет. Бул темадагы мамилебиз абдан так»,- деди. 

«Эки коомчулуктуу, федералдык мамлекеттин түзүлүүсүнө жакындап калдык. Бул абал элдердин референдум менен бекитиши керек болгон чечим болот. Муну аткаруу оңой эмес. Абдан кыска мөөнөттө чечүүчү жол табууну күтпөшүбүз керек. Конференция канчалык зарыл болсо ошончого созулат. Башталгыч жердебиз»,- деген БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриштин айткандарына карай турган болсок, адилеттүү жана туруктуу чечим табуу үчүн ташталган кадамдар жыйынтыкталганга чейин уланаары анык.

Женевада гарантер (кепил) өлкөлөр тышкы иштер министрлери деңгээлинде өкүлдүк кылынды жана ушундай эле деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн кайрадан өтө турганын Чавушоглу жеке өзү билдирди. 18-январда баштала турган процесске тышкы иштер министрлери тарабынан оң баа берилишинен кийин балким Кипр маселесине чечүүчү жол табуу келишимине кол коюу үчүн бул жолу өкмөт башчылары Швейцарияга чакырылат.



Тектеш кабарлар