Түрк учагы кулады деген кабарды БиБиСи таркаткан

БиБиСи кабарына өзгөртүүлөрдү киргизген жок

652273
Түрк учагы кулады деген кабарды БиБиСи таркаткан

Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте бир отурукташуу жерине кулаган жүк ташуучу учак тууралуу эл аралык манипуляция кампаниясы баштатылды. Түрк аба жолуна таандык учак кырсыкка учурады деген кабарды БиБиСи таркаткан.

Учак же экипажынын түрк аба жолдору менен эч кандай байланышынын жок экендиги, кырсыкты дүйнөлүк басма сөзгө түрк аба жолдорунун фотографияларын колдонуу менен чыгарган  кирдүү манипуляцияга жол башчылык кылган БиБиСи окуянын дүйнөлүк басма сөздө да ушундай орун алуусуна себеп болду.

Жүздөгөн киши БиБиСиге каршы чыгып, түрк аба жолдору учак менен эч кандай байланышынын жок экендигин билдирди, бирок БиБиСи кабарына өзгөртүүлөрдү киргизбестен, твиттердеги кабарын да алып таштаган жок.

БиБиСи Бишкек жакындарында кырсыкка учураган АСТ аба жолдоруна таандык жүк ташуучу учакты окурмандарына Түрк аба жолдорунун учагы Кыргызстанда үйлөрдүн үстүнө кулады деп билдирген.

АСТ аба жолдоруна таандык бир жүк ташуучу учак бүгүн эрте менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:30да Гонгконг  - Бишкек каттамына чыгып баратып Кыргызстандын  борбор шаары Бишкек жакындарындагы бир айылга түшүп, 37 киши каза болду.

БиБиСиден жана тийиштүү башка басма сөз мекемелеринен кечирим суроонун келип же келбей тургандыгы кызыгууларды жаратууда. Коомдук пикир түрк аба жолдорунун кабарды таркаткан мекемелер тууралуу укуктук жолдорго кайрылуусун күтүүдө.



Тектеш кабарлар