Палестинанын премьер – министри Рами ел  - Хамдаллах Түркия менен Катарга рахмат айтты

Түрк өкмөтүнөн Газадагы электр станциясында колдонуу үчүн 15 миллион литр күйүүчү май жардам берилет

652172
Палестинанын премьер – министри Рами ел  - Хамдаллах Түркия менен Катарга рахмат айтты

 Палестинанын премьер – министри Рами ел  - Хамдаллах Газада болгон  электр кыйынчылыгын жеңилдетүү максатында берген жардамдарынан улам Түркия менен Катарга рахмат айтты.

Түрк өкмөтүнөн Газадагы электр станциясында колдонуу үчүн 15 миллион литр күйүүчү май жардам берерин тастыктаган кабар алгандыгын билдирген премьер – министр Хамдаллах түрк тарабы менен кийинки күндөрдө бул тууралуу келишимге кол коюларын айтты.

Рами ел -  Хамдаллах Катар башкаруусунун да электр станциясынын күйүүчү май муктаждыгынын камсыз кылынышы үчүн 3 айлык 12 миллион доллар жардам берерин белгиледи. Бир тараптан Газадагы энергетика жана жаратылыш булактары башкармалыгынан берилген маалыматта Катардын күйүүчү май үчүн бере турган жардамдын 4 миллион долларлык бөлүгүнүн эсептерине өткөрүлгөндүгү белгиленди. Маалыматта күйүүчү майдын алынышы үчүн эртеңден баштап тийшитүү мекемелер менен координациянын түзүлөрү жана күйүүчү майдын  жеткирилишинен кийин да электр станциясында  күйүүчү май алынгандан кийин да электр станциясында кошумча иш алып баруунун башталары билдирилди.

Газада электр фирмаларынын төлөгөн салыктарындагы артуу Израиль менен Египеттен кеткен өткөрүүчү жолдордогу электр кризисинин чоңоюшуна себеп болуп, болуп жаткан үзгүлтүктөр көптөгөн жылдардан бери Израилдин блокадасы астында жашаган палестиналыктардын азыркы учурдагы кыйынчылыктарын дагы да күчөтүүдө.

10 жылга жакын убакыттан бери кыйынчылык болуп жаткан аймакта бат – бат болуп жаткан үзгүлтүктөрдүн акыркы учурларда көбөйүшү калктын каршы чыгышына себеп болууда.

 



Тектеш кабарлар