Мосулду ДЕАШтан тазалоо операциясы уланууда

Иракта Мосулду ДЕАШтан тазалоо операциясынын экинчи баскычы уланууда.

651770
Мосулду ДЕАШтан тазалоо операциясы уланууда

Бул баскычта Ирак армиясы шаарда ылдам илгерилей баштады. Мосул университети менен бирге бир топ мектеп толугу менен Ирак армиясынын карамагына өттү.

3 күндүн ичинде жүргүзүлгөн операцияларда  террор уюмунун 285 мүчөсү жок кылынды. Ирак күчтөрү Мосулдун чыгышы менен батышынын ортосундагы байланышты камсыздаган 5 көпүрөдөн үчөөнүн чыгыш жагында көзөмөлдү колго алды.

Мосулдун террор уюму ДЕАШтан тазаланышы үчүн Ирактын армия бөлүктөрү, пешмерге күчтөрү жана көпчүлүгүн Башика лагериндеги түрк аскерлери машыктырган Нинова сакчылары 17-октябрда операцияларын баштаган.



Тектеш кабарлар