АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин учагы Тбилисиге мажбур түрдө конду

Жон Керрини Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Давит Залкалиани менен АКШнын Тбилиси элчилигинин жетекчилери Керрини VIP залында тосуп алды

649881
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин учагы Тбилисиге мажбур түрдө конду

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин учагы техникалык маселелерден улам бүгүн эрте менен Грузиянын борбор шаары Тбилисиге конду.

Тбилиси Шота Руставели аэропортунда Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Давит Залкалиани менен АКШнын Тбилиси элчилигинин жетекчилери Керрини VIP залында тосуп алды.

Керри менен грузин жетекчилердин арасында аэропортто болгон кыска жолугушууда Грузиядагы саясий, демократиялык жана экономикалык абалдар каралды.

АКШнын мамлекет катчысы Керри Грузиянын бул тармактарда  өнүгүү көрсөткөндүгүн, аймакта маанилүү роль ойгоногдугун белгилеп, өкмөткө ийгилик каалады.

Грузиянын  тышкы иштер министринин орун басары Залкалиани да өлкөсүнүн жеринин бүтүндүгү жана эгемендигине колдоо берген АКШга эки өлкөнүн арасындагы карым – катнаштардын өнүгүшүндө салым кошкон Керриге рахмат айтты. Керри жолугушуудан кийин Тбилисиден кетти.

 

 

 



Тектеш кабарлар