Вашингтондо Трампты тосуп алуу аземи кандай болот?

Азем учурдагы президент Барак Обаманын жаңы президент жана үй-бүлөсүн Ак үйдө тосуп алуусу менен башталат.

648505
Вашингтондо Трампты тосуп алуу аземи кандай болот?

АКШнын борбор шаары Вашингтон жаңы президенти үчүн даярдалууда.

Дональд Трамп 20-январда көркөмдүү азем менен президенттик орундугуна олтурат.

Азем учурдагы президент Барак Обаманын жаңы президент жана үй-бүлөсүн Ак үйдө тосуп алуусу менен башталат.

Эң оболу Обама жана Трамп үй-бүлөлөрү менен бирге Ак үйдө жолугушат. Ушундайча тапшыруу өткөрүп алуу процедуралары башталат. Бул учурда Обаманын окмандасы буюмдарын жыйыштырып жатканда, Трамптын командасы болсо Ак үйгө жайгашат.

Президент Барак Обама жана Дональд Трамп андан соң Сенатка барышат. Ант берүү аземи да ал жерде болот.

Бул тарыхый күнгө күбө боло турган миңдеген адам жол боюна курулган платформада орун алышат. Капйтыш жолунда Донльд Трамп расмий түрдө АКШнын 45-президенти болуп келет.

Американын конституциясына ылайык библиянын алдында ант бере турган Тпрмапты үй-бүлөсү менен кошо көп сандаган чакырылгандар да коштойт.

Хиллари Клинтон шайлоо өнөктүгү убагында катуу сынга алган атаандашы Дональд Трамптын президенттик аземине катыша турганын жарыялады.

Буга кошумча Дональд Трамп иштей турган командасы орун ала турган ысымдардан бир тобун белгиледи.

Ички жана тышкы саясатта мындан мурдагы мезгилге салыштырмалуу башкача жол жүргүзө турганынын белгисин берген Трамп, Барак Обама тарабынан дайындалган көп сандаган ысымды кызматтан алды.

Жаңы мезгилде АКШнын жүргүзө турган саясаты дүйнө жүзүн кызыктырууда...



Тектеш кабарлар